ЖАЛАЛАБАТ: Облуста «Коомдук тартип» аттуу операциянын жыйынтыгы чыгарылды. Анын натыйжасында, диний кастыкты козгогон 15 факты катталып, экстремистттик маанайдагы 1235 баракча колго түшкөн. Сузак, Ноокен, Базаркоргон райондорунда үч киши ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган. Аталган аймактарда расмий катталбаган экстремисттик уюмга тиешелүү 12 иш козголгон, 379 диний адабияттар менен баракчалар табылган. Облуста текшерүүгө алынган 96088 адамдын 571и паспорт режимин бузган. Издөөдө жүргөн 18 кылмышкер кармалып, адам өлтүрүү, каракчылык жана талончулукка тиешелүү 58 кылмыштын бети ачылган.
Ырысбай Абдыраимов
Ырысбай Абдыраимов