Кыргызстандагы «Ак кеме» ( мурдагы Пинара-Бишкек) мейманканасынын мурунку башчысы Фехим Енижеге каршы кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун жана ага Интерпол аркылуу издөө салынганын Бишкек шаардык прокуратурасы 8-августа тастыктады. Маалыматка караганда, Фехим Енижеге каршы өткөн жылы август айында кылмыш иши козголуп, бирөөнүн 5 миллион доллар мүлкүн ээлеп алганы жана 15 миллион сом салык төлөбөгөнү үчүн айып коюлган. Фехим Ениже чет өлкөгө чыгып кеткендиктен аны прокуратура кызматкерлери суракка алууга үлгүрбөй калган.