БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорлугуна эки талапкердин арызы боюнча 1-май райондук сотунун үчүнчү отуруму 17-августта болот. Талапкерлер дагы бир талапкер, ректордун милдетин аткаруучу Рысбек Өмүркановду кызматтан алууну талап кылып, Билим берүү министрлигин сотко берген. Министрлик дагы төрт жогорку окуу жайдын арызына ылайык сотко жоопкер катары катышканы турат. Арыздангандардын катарында Борбор Азиядагы Америка Университети, Кыргызстандагы Эл аралык университет, Укук жана мамлекеттик кызмат боюнча кыргыз-казак академиясы, Балыкчы социалдык-экономикалык институту бар. Билим берүү министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербейт деп бир катар жогорку окуу жайларды жаап, ондогон окуу жайлардын лицензияларын алып койгон.
Бурул Сарыгулова, Бишкек
Бурул Сарыгулова, Бишкек