Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Ирак согушун колдогон америкалык таанымал сенатор Конгресске баштапкы шайлоодо жеңилди

Сенатор Жозеп Либерман Коннектикут штатында Демократиялык партиянын алкагында өткөн баштапкы шайлоодо жеңилгенин моюнга алды. Анын атаандашы, анчалык белгилүү эмес Нид Лэймонт Ирактагы согушка каршы көчө жүрүштөрүнө чыгып жүргөн. Либерман АКШнын дүйнөгө белгилүү саясатчыларынын бири. 2000-жылы ошол кездеги президенттикке талапкер Альберт Горго өнөктөш болуп, вице-презденттикке ат салышкан. Ирак согушунун кызуу колдоочусу болгондуктан кичи мекени-Коннектикут штатында кескин сынга кабылган эле. Ал эми күздөгү шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышарын билдирди.
XS
SM
MD
LG