Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Ирак БУУнун миссиясынын туруу мөөнөтү узартылышын каалайт


БУУнун Ирактагы миссиясынын калуу мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу өтүнүчүн башкатчы Кофи Аннанга өлкөнүн тышкы иштер министри Хошияр Зебари жөнөттү. Өз кезегинде башкатчы Кофи Аннан да мурдараак ушундай сунуш менен Коопсуздук кеңешине кайрылган. БУУнун миссиясынын азыркы мөөнөт ушул жума, 11-августа аяктайт. Улуттар уюмунун кызматкерлери Ирактын өкмөтүнө укуктук жана уюштуруу, социалдык проблемаларды чечүү иштеринде колдоо көргөзүп, калкты гумжардам менен камсыздап келүүдө. Ал эми Багдадда кечээ орун алган жардыруулардан кеминде 19 адам өлүп, 50дөн ашууну жаракат алды.

XS
SM
MD
LG