Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Губернатор Э.Өмүралиев: Ысыккөлдө туризм быйыл былтыркыдан сонун


Ысыккөл областынын губернатору Эсенгул Өмүралиев «Азаттыктын» таңкы уктурууларына чыгып сүйлөп, быйылкы туристтик сезондун дурус-буруш жактары жөнүндө маалымат берди.

- Маалыматтарга караганда быйыл көлгө күтүлгөндөн да көп турист келдиби?

- Быйыл былтыркыга караганда келгендердин саны үч эсе көп.

- Чынында Ысыккөл облусу үчүн туризмден түшкөн киреше өтө чоң мааниге ээ, бирок туристтер үчүн көл жээгине келип эс алып кетүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жагы дагы эле аксап атат окшойт деп угуп атабыз. Мисалы, алысырак чет мамлекеттерди албай эле коелу. Орусияны алсак деле, келип-кетүүнүн өзү эле бир топ чыгашага турат экен. Алар менен иштеше турган өзүнчө туристтик агенттиктер аркылуу жалпы путевкаларды арзандатса болот беле?

- Бүгүнкү күндө Ысыккөлдөгү эс алуудагы баалар анча деле жогору эмес. Аны менен иштеп аткан туркомпаниялар бар, бирок бүгүнкү күндөгү эс алууга кетип аткан чыгым туристтер тарабынан андай жогору эмес. Бүгүнкү күндө 70 пайыз Кыргызстандын ичинен - өзүбүздүн эл келип эс алып атышат, 30 пайыз тыштан келген эл. 30 пайыздын ичинен 90 пайызы Казакстандан келген туугандар. Алар бизге Ысыккөлдөгү эс алуу абдан жогору деген бир дагы маселе көтөргөн жок.

- 30 пайыз чет өлкөдөн келген туристтердин 90 пайызы казакстандыктар деп өзүңүз айтып атасыз. Казакстан бизге жакын, коңшулаш өлкө, ал эми чет мамлекеттерден, алысырактан келиш кыйынырак болуп калып атат. Мисалы, Орусиядан, же башка мамлекеттерден Түркияга барыш бир канча арзан болуп атат, ошонун ортосунда иштеген туристтик компаниялар барбы?

- Мисалы, Орусиянын Сибирь зонасынан, Свердловскиден Түркияга барып келип эс алыш он күнгө 1500-2000 доллар турат, ал эми ошол эле убакта Кыргызстанга келип эс алуу миң долларга жетпейт, 800-900 доллардын тегерегинде болот.

- Сиздердин бааңыздар башкачарак болуп атат окшойт биздикине караганда. Кечээ биз радиодон Чолпоната жолунда жол кырсыктары көбөйгөнүн айттык, соңку жети айда 176 жол кырсыгы катталыптыр, андан 54 адам набыт болуптур. Ошол өлгөндөрдүн жарымынан көбү, 51 пайызы чет мамлекеттиктер деп атышат. Сиз мындай кабардан чет мамлекеттиктер чочулайт деп ойлобойсузбу?

- Биринчиден, былтыркыга карганда жол кырсыгы көбөйгөнү чын, себеби курорттук сезонго байланыштуу биз МАИни трассадан алганбыз, ошонун кесепетинен болуп атат. Чет элден келгендер өзүңүздөр билесиздер жакшынакай машине менен келип алып, абдан чоң ылдамдык менен жүрүшөт. Ошон үчүн проблемалар болуп атат. Азыр иреттеп атабыз, кайра ордуна келтиребиз. Сезон башталганда жолдо МАИлер көп дегенден биз МАИнин кызматкерлерин иреттегенбиз. Бирок тилекке каршы коопсуздук маселеси ошого карата көбөйүп кетти.

- Эсенгул мырза, ушул күнгө карата Ысыккөлдүн жээгине эс алууга канча чет элдик турист келип кетти?

- Бүгүнкү күнгө көлдүн тегерегинде бир күндө 26 миң киши эс ала турган
114 пансионат бар, бүгүнкү күндө баары толтура. Андан тышкары жеке сектордо 8-9 миңдин тегерегинде орун бар. Бүгүн ушул орундар боюнча демалыш күндөрү келген кишилерге орун табылбай калып атат. Күндө 20-30 миңдин тегерегинде келип атат.

- Сиз өзүңүз жол жөнүндө айтып кеттиңиз, ошол жолдун сапаты аябай начар, белгилери жок деп биздин тургундар айтып кетишти. Ошону жакшыртканга ким акча төлөп атат, кандай иштер жүрүп атат?

- Азыр кыргыз өкмөтү жана Азия банк тарабынан Бишкек-Чолпоната жолу реабилитация болуп атат, Боомдун капчыгайына чейин жол ремонт болуп бүттү. Буюрса, бул айдын аягына чейин Ысыккөлдөн Бостериге дейре 130 км. жол жасалат.

- Ысыккөлгө быйыл келип аткан эс алуучулардын 70 пайызын өзүбүздүн туристтер түзөт деп айттыңыз. Өзүбүздүн туристтерден түшкөн кирешенин көлөмү менен, анан 30 пайыз чет өлкөлүктөрдөн түшкөн кирешенин кимиси жогорурак болуп атат?

- Эгерде алып көрсөк, бирдей пропорцияда, себеби Ысыккөлдөгү баалардын деңгээли бирдей эле. 70 пайыз келген биздин элдин бир топ көпчүлүгү менчик сектордо, ылдыйрак деңгээлдеги пансионатта болушу мүмкүн, ал боюнча азыр мониторинг жүргүзүш керек. Так маалымат айта албайм. Былтыркы сезонго караганда тыштан келгендерден түшкөн каражат 40 пайызын ээлейт.

- Быйылкы Ысыккөлдөгү туризм былтыркыга караганда ичти жылытарлык болот деп айтсак болобу?

- Быйыл абдан жогору, абдан сонун. Себеби мындай көлөмдө келип эс алуу 2004-2005-жылдары да болгон эмес саны жагынан.

Маектешкен Төрөкул Дооров

XS
SM
MD
LG