Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Өзбек качкындары Ташкенге кайтарылып берилди


Оштогу убактылуу кармоо жайында өткөн жылдан бери кармалып турган беш өзбек качкыны Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу качкындардын укугун коргогон «Адилет» уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди. Анын маалыматы боюнча, качкындар 9-августта түштөн кийин саат үчтө Кыргызстан чек арасынан Өзбекстан чек арасына өткөрүлгөн. Өткөрүү учурунда чек арада эч кандай документтер толтурулган эмес. Өзбек качкындары өткөн жылкы Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып келген. Расмий бийлик өкүлдөрү аларды терроризмге тиешеси бар деп айыптоодо. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгы баш болгон эл аралык уюмдар качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү чакырыгы менен кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылган эле.

XS
SM
MD
LG