Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Ооган бийликтери талибдердин карган аялды баласы менен асып өлтүргөндүгүн айыптады


Хелманд провинциясынын бийликтеринин маалыматына ылайык, 70 жаштагы аял жана анын уулу президент Хамид Карзайдын АКШ колдогон өкмөтүнүн пайдасына тыңчылык кылды деген кине менен асып өлтүрүлгөн.
Азаттыктын ооган кызматына берген маегинде Хелманд провинциясынын акиминин орун басары Амир Мохаммад Акунзада бул өлтүрүүнү мындайча айыптады:
Бул Исламга каршы келген иш. Бул мыйзамсыз жана адамгерчиликке жатпаган иш. Талибдер ушинтип, элге жакпаган нерселерди кылышат. Бул адамдар башкалардан буйрук алышаарын өкүнүү менен айтууга мажбурмун. Алар башка бирөөлөрдүн кулу./i>
Арийне, өзүн Талибандын маалымат катчысы деп тааныштырган киши Ооганстанда мурда бийликте турган талибдердин асууга тийешеси жок деп билдирди.
Анын аралыгында, АКШнын армиясынын Ооганстандагы коалиция күчтөрү өлкөнүн чыгышында Пакистан менен чек арага жакын аймакта талибдер деп шектелген 12 кишини өлтүргөндүгүн кабарлады. Салгылашта эки америкалык, бир ооган аскери жараат алган.

XS
SM
MD
LG