БИШКЕК. Эртең Кытайда Азия мамлекеттеринин укук коргоо кызматтарынын эл аралык конференциясы ишин баштайт. Бул конференцияда адам укуктарынын абалына, юридикалык алакаларга байланышкан маселелер талкууга алынат. Кыргызстандан бул конференцияга катышуу үчүн бүгүн башкы прокурор Камбаралы Конгантиев Үрүмчүгө барат.