БИШКЕК. Президенттин алдындагы укук коргоо комиссиясы башкы прокуратураны Өзбекстандык беш качкынды өзбек бийлигине өткөрүп бергендиги үчүн кескин сынга алган билдирүү таратты. Төрага Турсунбек Акундун пикиринде, мындай кадам аркылуу башкы прокуратура Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы аброюна олуттуу доо кетирди. Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова кыргыз бийлиги мындай аракеттерди президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга расмий сапарынын алдында көңүл алуу үчүн атайын жасап жатат деп эсептейт.