БИШКЕК. Өзбекстандык беш качкындын кечээ өзбек бийлигине өткөрүлүп берилгендиги тууралуу маалыматты башкы прокурор Камбараалы Конгантиев расмий тастыктаган жок. Бул тууралуу башкы прокурорго шилтеме берген пресс-катчы Токтогул Какчекеев маалымдады. Беш качкындын экстрадициялангандыгы тууралуу маалыматты БУУнун качкындар комиссарлыгынын эксперти Виталий Масловский, «Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, президенттин укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун тастыкташкан. Беш качкындын ысымдары Жахангир Максудов, Расул Пирматов, Одилжан Рахимов, Якуб Ташбаев, Фаез Тажихалилов экендиги мурда маалымдалган.