Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

БЕЛГИЛҮҮ ТАЖИК ДИНИЯТЧЫСЫ ЖАНА САЯСАТЧЫ САИД АБДУЛЛО НУРИ КӨЗ ЖУМДУ


Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Саид Абдулло Нури 9-августта узакка созулган ооруудан кийин о дүйнө кетти. Устаз Нури 1990-жылдары Тажикстанда таанымал саясый фигура болгон жана 5 жылга созулган жарандык согушту токтотууга чоң салым кошкон. Андан соң урушта жоолошкон тараптардын курама өкмөттү түзүүсүнө жардамдашкан.

59 жаштагы Устоз Нури Дүйшөмбүнүн четиндеги үйүндө көз жумду. Саид Абдулло Нуринин жылдызы Тажикстан күнкорсуздукка ээ болгондон соңку өлкө астын-үстүн болуп турган жылдары жанат. Диниятчы саясый майданга Компартиянын бийлигине каршы турган Биргелешкен тажик оппозициясы- БТОнун төрагасы катары суурулуп чыгат. Ал кыска мөөнөт 1992-жылы жарандык согуш башталганга дейре “Минбари Ислом” гезитинин башредоктору да болот. Ошол эле жылы Нури жана анын орун басары, мурдакы муфтий Кожо Акбар Туражонзода журтун мажбур калтырып кетишет да, БТОну Ооганстандан жана Ирандан туруп жетектешет. Беш жылда араң токтогон ич ара жаатчылык согушу кеминде 100 миңдей адамдын өмүрүн жалмап, экономиканы айоосуз бүлүндүрөт.

Нури 1997-жылы БТОнун атынан Тажик улуттук тынчтык келишимине кол kойот.
Туражонзода “Азаттыкка” берген интервьюда маркумду улуттун кызыкчылыгын бийик туткан инсан ирети сыпаттады:

-Устаз Нури өзгөчө инсан эле. Ал өзүнүн кыска өмүрүндө көп жакшы иштерди жасады. Ал эң алды 1992-жылы жарандык согушту болтурбоого аракет кылган, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга көп күч жумшаган адамдардан болгон. Согуш башталып кеткенден кийин биз экөөбүздө калыс чындыкка жетишип, Ооганстандагы бозгундарды Тажикстанга татыктуу кайтарып алуудан башка чарабыз жок болду.

Нури 1997-жылы сентябрда мекенине кайтып келгенден тарта Улуттук элдешүү кеңешин жетектеп, бийликтин жана биргелешкен оппозициянын өкүлдөрү менен чогуу жаңы өкмөттүн үстүнөн иштешет. БТОго жаңы өкмөттө, областтык жана жергиликтүү бийликтерде орундардын үчтөн бири тиет.

Абдулло Нури популярдуулугуна карабай 2000-жылкы президенттик шайлоодо президент Имомали Рахмоновго каршы жарышка түшпөйт. 2006-жылкы президенттик шайлоого катышаары жөнүндө дегеле сөз болгон эмес.

Нури жандуу саясаттан четке турганына карабай, кайсы бир интервьюда Дүйшөмбүнүн суу менен камсыздоо башкармалыгындагы коррупцияны сындап айткан сөзү, аны бийликтин каарынан коргой албады. Январь айында Нуриге каршы кылмыш иши козголот.

–Биз башынан эле бул жалгама иш жана сотко баруунун зарылчылыгы жок экенине көзүбүз жеткен. Бирок, Нурини жоокерчиликке тартууга кызыкдар айрым чөйрөлөр бул ишти сотко ашырышты,- дейт Ислам кайра жаралуу партиясынын төрага орун басары Мухиддин Кабири.

Саид Абдулло Нури жашынан өмүрүн исламга арнаган. Ал 1973 –жылы диний адабияттарды таркатканы үчүн абакка түшөт. 1974-жылы жаштардын тыйуу салынган Ислам кайра жаралуусу (“Нахзати Исломи” ) коомун түзүүгө жардамдашат. Уюшманын руханий жетекчиси Борбор Азияда Мавляви Хиндустани катары белгилүү Мухаммаджан Рустамов болгон.

Маркумдун сөөгү жайга бейшемби күнү берилет.

XS
SM
MD
LG