Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Казакстанда оппозициячыл саясатынын өлүмү үчүн айыпталгандардын экөөсүнө эң жогорку жаза суралды


"Нагыз Ак жол" партиясынын лидерлеринин бири, оппозициянын таанымал саясатчысы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмү боюнча жүрүп жаткан сот жараянында прокурор айыпталуучулардын экөөсү – Ержан Утембаев менен Рустам Ибрагимовго өлүм жазасын сурады. Тергөөнүн тыянагы боюнча казак парламентинин жогорку палатасы-Сенаттын мурдагы аппарат башчысы Утембаев Сарсенбаевди өлтүрүүгө заказ берген, ал эми мурда укук коргоо органдарында иштеген Ибрагимов ошол көрсөтмөнү аткарган. Дагы сегиз айыпталуучуну прокурор узак жылдарга кесүүнү суранды. Башкы айыпкер Ержан Утембаев ошол окуянын соңунан президент Нурсултан Назарбаеге жолдогон катында кылмышын мойнуна алган, бирок сотто бул көрсөтмөсүнөн баш тарткан болчу. Алтынбек Сарсенбаев мене кошо анын жан сакчысы, айдоочусунун сөөгү ушул жылдын февралда Алматынын чет жакасынан табылган.

Казак оппозициясы Сарсенбаевдин өлүмүн саясий жүйөөсү бар жана жогорку бийлик өкүлдөрүн көрсөтмөсү менен болгон деп эсептейт.

Казакстанда да өлүм жазасын аткарууга 2003-жылдан бери мораторий киргизилген.

XS
SM
MD
LG