БИШКЕК. Бүгүн президент Курманбек Бакиев Шанхай кызматташтык уюмунун уюштуруу комитети менен жыйын өткөргөнү жатат. Анда уюштуруу маселелери талкууланат. Шанхай кызматташтык уюмуна кезектеги төрагалык июнь айындагы Шанхай жолугушуусунда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Болжолдуу маалымат боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити келерки жылы Бишкекте өтөрү күтүлүүдө.