БИШКЕК. Өзбекстандык беш качкындын Ташкентке өткөрүлүп берилишине байланыштуу бүгүн башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев маалымат жыйынын өткөргөнү жатат. ОШ СИЗОсунда бир жылдан бери камакта отурган беш качкынды өзбек бийлигине кыргыз тарап 8-августта өткөрүп берген. Кечээ тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов башкы прокуратура качкындарды өткөрүп берүүдө бардык укуктук нормаларды сактады деп билдирген.