Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Бүгүн Ричард Баучердин жолугушуулары соңуна чыгат


БИШКЕК. Кечээтен бери Бишкекте жүргөн АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер бүгүн президент Курманбек Бакиев, саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуп, журналисттердин суроолоруна жооп берери күтүлүүдө. Ричард Баучер Кыргызстанга Түштүк жана Борбор Азия аймагындагы коопсуздук, терроризмге, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш, аймактык экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн келген. Бул тууралуу Баучер кечээ тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле ал кечээ өкмөт башчы Феликс Кулов менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG