«Эркинтоо» гезитинде белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун «Бетке айткандар аз, кошоматчылар көп» деген окурмандар менен баарлашуусу жарыяланды. «Бизге Америка керек. Себеби Америка бүткүл дүйнөдөгү саясий уюмдарда дагы, экономикалык, финансылык, банк жана башка уюмдарда булар чечүүчү ролду ойнойт. Биз аларга азыр көз каранды болуп турган кезде жакшы мамиле түзүүбүз парз. Жөн эле түз турган жерден проблема чыгарбашыбыз керек. Мына биз демократиянын жолуна өттүк, бирок тилекке каршы, ойдогудай иш жүргүзө албай жатабыз. Бул өзүбүздүн күнөөбүз», дейт И.Абдуразаков.
К.Бакиевдин президенттик кызматка киришкенине бир жыл толгондугуна байланыштуу анын иши тууралуу биртоп саясий, коомдук ишмерлердин пикирин «Жаңы кылым» гезити жарыя кылды. Коомдук ишмер Бегиш Ааматовдун ырасташынча, К.Бакиевдин жетишкендиги –анын өлкөдө саясий, социалдык стабилдүүлүктү камсыз кыла алгандыгы. Кемчилиги – конституциялык реформаны конституциялык жол менен жүргүзбөгөндүгү.
Эдил Байсаловдун пикири боюнча, К.Бакиев буга чейинки сындардын баарын А.Акаевге оодара салып, президенттик жоопкерчилигин сезбей жүргөн. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо К.Бакиевдин экономиканы көтөрүү демилгесин колдойт.
Президенттин бир жылдык ишмердиги жөнүндө «Слово Кыргызстана» гезитинде Курманбек Мамбетовдун «Бийликтин эсеби» деген макаласы чыкты. Автордун пикири боюнча, башкаруунун ыктуу жолуна түшкөнчө өлкөгө күчтүү президент керек. Алсыз президенттин болушун оппозиция эле каалабаса эч ким андайды жактырбайт, деп белгилейт К.Мамбетов.
К.Бакиевдин президенттик кызматынын бир жылдыгы «МСН» гезитиндеги Сарпаш Жедигердин «Жолду баскан арбытат же бир жылдан кийин» деген макаласында талдоого алынган. Автордун жазганы боюнча, К.Бакиев Швейцарияны убада кылбаганы менен өндүрүштү алдыга жылдыруунун оор түйшүгүн өзүнө алууда.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Баучер менен кандай маселелерди талкуулаганы жума күнкү «МСН» гезитинде баяндалды. А.Жекшенкулов гезитке берген маегинде белгилегендей, Р.Баучер менен сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык талаш токтолду. Америкалык эки дипломаттын Кыргызстандан чыгарылышына коопсуздук кызматынын жашырын билдирүүсү себеп болгон. «Кызматтык жашырын сырды биз ачыкка чыгара албайбыз», дейт А.Жекшенкулов. Министрдин айтуусунда, «жөн эле, жок жерден эч нерсе жасалбайт».
Жазуучу Асанбек Стамов Мамлекеттик сыйлыктан баш тарткандыгын «Кыргыз туусу» гезитинде жарыя кылды. «Себеп дегенде, мамсыйлык республиканы А.Акаев башкарган он беш жыл ичинде кадыр-баркын жоготкон. Экс-президенттин жубайынын тикеден-тике кийлигишүүсү аркылуу ал өтө эле татыксыз ишмерлерге, чыгармаларга ыйгарылып калган болчу. Ошого жараша анын жол-жобосу да эскирип бүттү. Менин оюмча, мамсыйлык акыркы жылдары жунгар-калмак заманында кор болуп туткундалган кыргыз элинин тагдырын эске салат. Сыйлыкты иргеп алган комиссия өзүнүн калыстыгынан алда качан тайыган деп билебиз. Ал сыйлыкты ыйгаруу – жолдошчулук, жердешчилик, жарма достук жана көңүл жакындыктын чегинен чыкпай, мындай өкүнүчтүү жорук адатка айланды», деп жазат А.Стамов.
Үркүндүн 90 жылдыгына карата «Кыргыз туусу» гезитинде тарыхчы Турдубек Шейшекановдун «1916-жылдагы көтөрүлүш башаламан каршылыкпы же ойлонулган акциябы?» деген макаласы жарык көрдү. «Көтөрүлүш мезгилинде эл-журттун башында тургандар белгилүү инсандар, кыргыз жакшылары болушкан. Себеби колониалдык саясаттын күчөшүнүн натыйжасында алардын көпчүлүгү артыкчылык укуктарынан кол жуушкан», деп жазат макала автору.