Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

ТАЖИКСТАН УСТОЗ НУРИ МЕНЕН КОШТОШТУ


Тажикстан 10-августта көрүнүктүү уулдарынын бири, Ислам кайра жаралуу партиясынын түптөөчүсү, таанымал диниятчы Саид Абдулло Нурини келбес сапарга узатты. Совет өкмөтү 1973-жылы Нурини диний адабиятты таркатканы үчүн абакка салат. Ал ислам жаштарынын тыйуу салынган “Назати ислом” коомун түзүүчүлөрдүн бири. Нури кыска мөөнөт “Минбари ислом” гезитин, 1992-97-жылдардагы жарандык согуш маалында Биргелешкен тажик оппозициясын жетектеген. Согуштан соң Улуттук элдешүү комиссиясына төрагалык кылган.

Тажикстан Устоз Нури менен бейшемби күнү кош айтышты. Маркумдун тажиясына келген миңдеген адамдардын катарында мурдакы оппозиция мүчөлөрү менен бийлик өкүлдөрү турушту. Индияда сапарда жүргөн президент Рахмоновдун атынан парламенттин төрагасы Мамадсаид Убайдуллоев сүйлөдү. Оратор Нуринин адамдык сапаты жана саясый харизмасы анын жарандар жана Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү арасындагы аброюн бийик көтөргөнүн айтты.

Ислам кайра жаралуу партиясынын төрага орун басары Мухиддин Кабири “Азаттыкка” берген интервьюда, Нуринин исламдын кажыбас насыйкаттоочусу болгонун белгиледи:

-Биз орду толгус инсанды жоготтук деп айта алам. Ал Тажикстанда жана Борбор Азияда адамдарды тынчтыкка, ынтымакка жана кечиримдүүлүккө тарбиялаган өз мектебин түзө алды. Мурда Тажикстанда мындай тажрыйбасы жок эле. Нури- ислам тынчтыктын, мээрмандыктын дини экенин көрсөттү. Бул муркумдун Тажикстанга калтырган мурасы болду деп ойлойм.

Нури оболу экс- коммунисттердин бийлигине каршы турган Биргелешкен тажик оппозициясынын лидери катары саясый майданда пайда болот. 1992-жылы өлкөдө ич ара согуш башталгандан кийин диниятчы адегенде Ооганстанда, андан соң Иранда жашоого аргасыз болот.

Белгилүү өзбек диниятчы Мухаммад Садыктын айтымында :– Жарандык согуш башталгандан кийин Нури сүргүнгө мажбур кетип, бирок ишмердүүлүгүн токтотпойт. Ал- талаш-тартыш согуш жана куралдын жардамы менен эмес, тынчтык жолу аркылуу жөндөлүшү зарыл экенин түшүнөт. Ал -бийликтер менен Тажикстанда тынчтык орнотуу маселесин сүйлөшөт жана мекенине келгенден кийин тынчтыкты бекемдөөгө жан үрөп иштейт. Ошон үчүн эл аны сүйөт.

Нури 1997-жылы Бириккен тажик оппозициясынын атынан 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жарандык согуштун бүткөнүн тастыктаган улуттук элдешүү келишимине кол койгон.

Дадожан Атаулло- оппозициячыл “Чароги Руз” гезитинин баш редактору. Жарандык согуш кезинде гезитке тыйуу салынгандан кийин, басылманы Россияда чыгарып, Тажикстанда жашыруун таркаткан. Азыр Россияда сүргүндө жашап жаткан Атаулло маркумду 20-кылымдагы улуу тажик инсаны деп атады:

-Нуринин өлүмү- мен үчүн өтө оор жоготуу. Ал ооруп жатканда дайыма менин жүрөгүмдө болду. Анын жүзү, анын муңайым көздөрү менин эсимде. Мен аны 20-кылымдагы Тажикстандын чоң саясатчыларынын, улуу жана сүйүктүү инсандарынын бири деп билем.
XS
SM
MD
LG