Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:37

Ричард Баучер Курманбек Бакиев менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдө саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттарда кызматташуу, терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү, америкалык инвестицияны тартуу маселеси да козголгон. АКШ Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө жардам берүүгө даярдыгын билдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Түштөн киийн Ричард Баучер бир катар кыргыз ишкерлери менен жолугушту.
XS
SM
MD
LG