Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Орусиялык укук коргоочулар анжияндык туткундарды колдоп, демонстрация өткөрүштү


Чакан топ орус бийликтеринин Кыргызстандын бир, Өзбекстандын 12 атуулун Ташкен бийликтерине өткөрүп берүү чечимин айыпташты. Орусиядагы качкындарга жардам берген Гражданское Содействие уюмунун өкүлү Иралия Галимулина Азаттыкка булар өзбек бийликтеринин колуна түшсө, кыйноого дуушар болоорун эскертти:
-Өзбек бийликтери аларга каршы жок жерден чыгарып, айып койгон. Эми минтип Орусиянын баш прокурору аларды Өзбекстанга депортациялоону чечти. Демек алар түздөн-түз түрмөгө түшөт, ал жерде аларды террорист экендигин, Анжиянда бийликке каршы козголоң чыгарганын мойнуна алганга чейин сабашат. Биз азыр алардын Орусиядан мыйзамсыз чыгарылышына жол бербөөгө аракет кылып жатабыз. Бул эл аралык мыйзамдык нормаларга каршы келет,- деди укук коргоочу.

XS
SM
MD
LG