Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

12-майда Баткен облусунунун аймагына куралчан топтун кол салышына байланышкан ишти Кадамжай райондук соту 28-августта карай баштайт


БИШКЕК. Бул иш Ош шаарында каралышы күтүлүп жатканын Баткен облустук сотунан кабарлашты. Аталган окуя боюнча алты адамга чекарадан мыйзамсыз өткөн, куралдуу топту уюштурууга жана террорчулукка катышы бар, улут аралык жана диний касташууга үндөгөн делген айыптар тагылууда. 12-майда куралдуу топ Баткендеги “Актурпак” чекара-бажы бекетине кол салып, Кадамжайдын жанындагы атышууда алардын үчөөсү окко учкан жана бирөөсү колго түшгөн. Кийинчерээк бул топ менен байланышы бар деп шектелген дагы беш адам кармалган.

XS
SM
MD
LG