БИШКЕК. Бүгүн “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму мамлекет башчысынын ант берүү аземине бир жыл толгондугуна байланыштуу коомчулукка кайрылуу жолдойт. Анда Бакиевдин бир жыл аралыгында аткарган иштеринин күңгөй-тескейине талдоо жүргүзүп, коррупцияга каршы күрөш, адам укуктары жана кадр маселесинде кетирген калпыстыктары айтылат. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын билдиргенине караганда, Бакиев март окуясына чейинки берген убадаларынын көпчүлүгүн аткарбай келүүдө.