Украинанын Краснодон шаарында шахтыда жардыруу болуп, алты көмүрчү каза болду. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, жардыруу метандан болгон. Кырсык болгон маалда шахтынын алдында баш аягы 170адам болгон. Окуя болгон жерге көмүр өнөр- жайы министри баштаган комиссия барып, жардыруунун себебин иликтеп жатат.