Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

ЖЕР БАСЫП АЛУУ АРАКЕТТЕРИ УЛАНУУДА


Бишкек шаарынын чет жакасында таштанды төгүлө турган аймактагы 84 гектар жерди басып алгандар 14-августта шаар бийлигине талап менен чыгышты. Алар ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүүнү сурап жатышат. Ал эми бул маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия алар ээлеп алган жерде үй курууга санитардык жана техникалык жактан мүмкүн эместигин айтууда. Жер басып алгандар болсо артка кайтпай турганын эскертишти.

Жер басып алгандардын бири Гүлзар Калыгулова жерди бошотуу талабы менен келген милициянын кызматкерлеринин коркутуп-үркүтүүсүнөн айласын таппай жатканын айтты :

-Бир айдан бери күн сайын милиция кызматкерлери келип алып, бул жерде үйдүн пайдубалын тургузуп баштасак эле үй куруп жаткандарды алып кетип, камап салабыз деп коркутуп жатышат. Бизди ыраазы кылгыла дейт. Кимди, кантип ыраазы кылаарыбызды билбейм. Кимдин буйругу менен келдиңер деп сурасак, айтышпайт. Ушинтип айлабыз кетип отурат,- деди Гүлзар Калыгулова.

Өкмөттүн 2005-жылдагы токтому менен учурда талаш-тартыш туудуруп жаткан 84 гектар жер Чүй областынын Маевка айылынын кармагынан Бишкекке өткөрүлүп берилген. Жер маселесин чечүү максатында түзүлгөн “Ынтымак” коомунун лидери Амангелди Кожобековдун айтымында, алардын 2 жылдан бери жашап, үй куруп жаткан жерге ээ болууга дал ушул өкмөттүн токтомунун негизинде толук укугу бар:

-Биз башынан эле туура эмес кылган экенбиз. Жерди сатып алыш керек эле. Биз токтомду көрүп эле, ишенип үй кура баштадык. Ушинтип алдандык. Акчабыздын бары кетти.

Ушул жылдын июль айында жерге муктаж болгон 2 миңге жакын адам алар ээлеп алган жерди мыйзамдаштырып берүү талабы менен Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгышкан. Анда шаар жетекчиси Арстанбек Ногоев бул маселени чечип берүү убадасын берген эле. Анын тапшырмасы менен бул жерге там салууга мүмкүнбү же жокпу, жашоого ылайык болобу – ушуну аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок комиссия чечимди жер басып алуучулардын пайдасына чечкен жок. Алар мындай чечимди 84 гектар жерде ылаңдап өлгөн мал көмүлгөндүгү менен, ошондой эле ыпыр-сыпыр, таштанды төгүлгөн жерде жашоого болбой тургандыгы менен негиздеп, түшүндүргөн.

Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, Бишкектин тазалыгын жана эпидемиялык абалын көзөмөлдөө борборунун атын атагысы келбеген өкүлү мындай дейт:

-Бул жерде үй куруп жашоого болбойт деп мэрияга чечимибизди жибердик. Эми мал көмүлгөн жерде, толтура таштанды төгүлгөн жерде кантип жашоого болот. Оорунун бары ошол жерден пайда болот да. Булар өздөрү билип жер басып алып түшүнбөстүк кылып жатышат, -дейт Бишкектин тазалыгын жана эпидемиялык абалын көзөмөлдөө борборунун өкүлү.

Шаар бийлигинин мындай каршылыгына карабай ал жерге үйлөр түшүп жатат. Учурда 100гө жакын үйдүн пайдубалы тургузулуп атат.

Эгерде алар талап кылып жаткан жер мыйзамдаштырылбай, бийлик тараптан үйлөрдү бузуу чечими кабыл алынса жер басып алуучулар ага да баш ийбестигин Амангелди Кожобеков белгиледи:
-Менин оюмча бул жерди акчасы барлар алып койгон. Биздин үйлөрдүн бирөөсүн буза турган болушса миңден ашык адам, мен өзүм булдозердин алдына туруп курман болом. Бул жерде дубал тургузуш үчүн канча акча кетти, -дейт Амангелди Кожобеков.

Ушундай эле талаптар менен Биринчи май районунан эки жүзгө жакын киши чыгууда. Алар үй куруу үчун “Зеленстрой” деген аталыштагы жерди мыйзамдаштырып берүүнү сурашууда.

XS
SM
MD
LG