Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Паспорт көп айлап көзүнөн учкан жарандар нааразылык жыйынына чогулду

БИШКЕК. Паспорт ала албай жаткан жүз чакты атуул бүгүн Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигининин алдына чогулушту. Алар паспорттор белгиленген мөөнөттө берилбей, 5-6 айлап күтүп жатканына нааразылык билдирип, агенттиктин башчысы Амангелди Кенжетаевдин чыгып, анын себептерин түшүндүрүшүн талап кылышты. Нааразы элдин алдына агенттиктин айрым кызматкерлери чыгышып, паспорт алуунун жол-жобосун түшүндүргөн болушту. Бирок алар мындай жоопко канааттанышкан жок.
XS
SM
MD
LG