БИШКЕК. Октябрда президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга расмий иш сапары күтүлүүдө. Анда каралуучу укуктук келишимдик базаны кеңейтүү, чекара бекеттерин көбөйтүү, Фергана өрөөнүндөгү кызматташтыкты арттыруу, ЕврАзЭКнын алкагында байланыштарды өнүктүрүү маселелери 14-августта Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Алишер Салахитдиновдун жолугушуусунда талкууланды.