Израилдин Ливанга каршы аскердик операциясын АКШ президенти Жорж Буш терроризмге каршы эркиндик күрөшү деп атады. Америкалык лидер бул тирешүүдө Хезболла уттурду деп эсептейт. Бирок хезболлачылардын лидери Насралла тетирисинче Израил менен салгылашта тарыхый жеңишке жеттик деп билдирүү жасады. Жакынкы Чыгышта ок атуу бүгүн эртең менен БУУнун резолюциясына ылайык токтотулган. БУУнун башкы катчысы Коффи Аннан эки тарап тең резолюциянын шарттарын аткарууда деп билдирди.