Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

ПСИХИАТРИЯЛЫК КЫЗМАТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙНАПТУУ ЭМЕС ?


Кыргызстандын психиатриялык ооруканаларында бейтаптардын укуктары бузулуп жаткандыгын бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары маалымдап келишкен. Өлкөдө психиатриялык кызматты өнүктүрүүгө, ооруканаларды оңдоого донорлор жүз миңдеген доллар бөлүп келатат. Бирок ал каражаттар “Психикалык саламаттык жана коом” деп аталган коомдук бирикменин маалыматы боюнча майнаптуу пайдаланылбай келатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин ушул жылдын 31-мартында өткөн коллегиясында психиатриялык кызматтар канааттандырарлык иштебей жатат деген баасын берген.

Өлкөдө психиатриялык кызматтын эффективдүү иштебей жаткандыгы, ооруканалардын начар абалда турганы каражаттын туура эмес бөлүнүп жаткандыгынын кесепети болуп жатат, дейт “Психикалык саламаттык жана коом” деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Бурул Макенбаева:

-Каражатты областтардагы, райондордогу бейтапканаларга бөлсө туура болмок. Мындай милдеттенмелерди Кыргызстан 2005-жылы Хелсинкиде Европа Декларациясына кол койгондо алган. Эми министрлик бул милдеттенмелерди аткарбай, чоң ооруканаларды кайра жаратып жатпайбы.

Кыргызстан боюнча психиатриялык 3 чоң оорукана бар. Бул Бишкектеги, Чым-Коргондогу жана Кызыл-Жардагы ооруканалар. Бурул Макенбаеванын айтымында, дүйнөлүк практика көрсөтүп тургандай, бейтаптардын укуктары негизинен чоң ооруканаларда бузулат. Ошондуктан жер-жерлердеги чакан ооруканаларды колдоо керек.

Буга чейин психиатриялык ооруканаларды кайра оңдоого донорлор тарабынан 290 миң доллар бөлүнгөн. Айрым байкоочулардын айтымында, бөлүнгөн каражат өз максатына жумшалган эмес.

Бейрасмий маалымыттарга таянсак, мамлекеттин жакырчылыкты жоюу фондусунан психиатриялык кызматты жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 15 миллион сом бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Анын 10 миллион сому Бишкектеги республикалык психиатриялык саламаттык борборуна, калган 5 миллион сому жер-жерлердеги ооруканаларга бөлүнүп берилмей болду. Республикакалык психиатриялык саламаттык борборунун жетекчисинини орун басары Светлана Беспалова каражат жер-жерлерге эмес, борбордук ооруканаларга бөлүнүп жаткандыгын туура деп эсептейт:

-Биз башкы мекеме деп саналабыз. Биздин имарат алтымышынчы жылдары курулган. Оңдолгон эмес. Каражатты ремонт иштерине жана бейтаптарды жакшы шартта кармаш үчүн жумшайбыз. Эми чоң ооруканаларды такыр эле жоюп салуу туура эмес да. Ал үчүн биринчи кезекте жер-жерлерде ооруканаларды куруп алыш керек, -дейт Светлана Беспалова.

Тартипке ылайык психиатриялык мекемелерге акча ал жерде бейтаптарды дарылоого канча орун бар - ошого жараша бөлүнөт. “Психикалык саламаттык жана коом” уюмунун мүчөсү Эрнист Абдрашитов мындай принцип менен макул эместигин айтты:

-Психиатрияны да башка медицина тармактарындагыдай эле каржылоону ар бир айыккан учурга берсе туура болмок. Биз көрүп тургандай психиатрияда акча жата турган жердин санына бөлүнүп жатат. Башкача айтканда ооруканалардын жетекчилиги канча адам болсо, ошончого каражат алып, ал эми аларды айыктыруу башка кеп болуп калып жатат, -дейт Эрнист Абдрашитов.

XS
SM
MD
LG