Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

ӨЗБЕКСТАН : АКШНЫН ТЕҢОРТОК ИШКАНАСЫНА КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛДЫ


11-августа Өзбекстандын Мурунтау алтын кенин иштеткен Зарафшан-Ньюмонт америкалык-өзбекстандык компанияга каршы кылмыш ишин ачылды. Ньюмант өлкөдө 1992-жылдан бери иштеп жаткан жана АКШ Өзбекстандын экономикасына салган түз инвестициянын бештен бири ага таандык. Июнда сот теңорток компанияны 48 миллион доллар салык төлөбөдү деп тапкан жана жакында анын мүлкүн камакка алынды. Ньюмонт- алтын кенге салган 94 миллион долларын кайтара алса, өз үлүшүн сатып кетүүнүн амалын издөөдө.

Навои облустук салык кызматынын жетекчилеринин бири Шахубиддин Шайматовтун ырасташынча, бардык иш мыйзамга таянып жүргүзүлүүдө:

- Мен компаниянын иши жөнүндө эч кандай маалымат бере албайм. Бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө. Компания финансылык жактан текшерилди жана текшерилүүдө. Мен эч кандай ырсамий маалымат бере албайм.

Ньюмонттун маалымдашынча, өзбек бийликтери алтынды экспорттону токтотуп, анын өзүн күнүмдүк ишти контролдоодон четтетип койгон жана компанияга каршы кылмыш иши ачылгандан бери, Нью-Йорк биржасындагы анын акциялары 2 процентке арзандап кетти.

Колорадолук компаниянын жарнакташы - Өзбекстандын геология комитети алтын кенинде иш өз калыбында жүрүүдө дейт.
Зарафшан-Ньюмонт ишканасындагы 900 жумушчунун бири, өзүн Алмаз деп атаган адам да ишкана кадыресе иштеп жатканын тастыктады:

- Ырас, биз иштеп жатабыз. Иш өз нугунда жүрүүдө. Алар иш кадыресе улана берет дешти. Бизге маяналарыбызды беришти. Мурдаа күнү аванс да алдык. Жумушта эч кандай өзгөрүү болгон жок.

Ньюмонттун Денвер шаарындагы башкеңсесинен алар эл аралык арбитраждык сотко кайрылары мүмкүн экенин билдиришти.

Лондондогу Economist Intelligence Unit борборунун талдоочусу Анна Уолькер Зарфшан-Ньюмон компаниясынын чатагы акчага байланыштуу болсо керек деп боолгойт:

– Бул нукура финансылык маселе болсо керек деп ойлойм. Адеп келишимде чет элдиктер менен теңшерик түзүлгөн ишканага көп жеңилдиктер берилген. Акыркы эки жылда алтын өтө кымбаттап, өкмөт андан пайдаланып кирешени дагы көбөйтүүнү оң көрдү. Маселенин төркүнү ушунда деп ойлойм.

Чет элдик инвесторлор былтыркы Анжиян калабасынан бери өлкөдө инвестициялык климат улам осолдоп баратканын айтышат. Өзбекстандык-кореялык текстиль ширкетинин (Kabool Textiles Uzbek Ltd.) башчысы Дон Кан:

-Абал улам начарлап барат. Эгерде өзбек бийликтери мунусун дагы улантса, бардык өлкөлөр инвестиция салуудан өтө чочуп калышат деп ойлойм. Алар Өзбекстандагы америкалык компанияны мыйзамсыз жол менен тартып алчу болсо, жакынкы жылдары өзбек өкмөтү дүйнө коомчулугунун нараазылыгына кабылат.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер да өткөн жумадагы сапары учурунда америкалык компанияларга Өзбекстанда иштөө татаалдап баратканына, бул инвесторлорду этияттыкка түрткөнүнө көңүл бурган.

XS
SM
MD
LG