БИШКЕК. Мындан сырткары чек ара тартибин бузган 277 адам, мыйзамсыз мигрант катары 187 адам кармалды деп кабарлашты бүгүн чек ара кызматынан. Ушул айдын 7синен 11ине дейре өткөн «Марзбон - 2006» деп аталган бул биргелешкен операцияга быйыл Тажикстандын чек ара кызматы жетекчилик кылды. Анын негизги максаты - КМШ өлкөлөрүнүн чек аралары аркылуу эл аралык террорчулардын, маңзаттардын жана курал-жарактардын киришине каршы аракеттенүү.
КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен чек ара операциясында Кыргызстанда мамлекеттик чек араны бузган 101 адам кармалды