Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

МИССИЯНЫН КЕЗЕКТЕГИ ИШ САПАРЫ


Эларалык валюта корунун миссиясы Кыргызстанга келди. Эксперттер тобу Кыргызстандын жарым жыл ичиндеги экономикалык өнүгүшүн, үч жылдык программанын аткарылышын талдоого алышмакчы.

Кыргызстан эларалык валюта коруна 1992-жылы мүчө катары кошулуп, ошондон бери жыл кур эмес макроэкономикалык туруктуулукту сактоо амалында кредитке акча алып келатат. Быйылкы жылдын февраль айына карата убагында кайтарылбаган карыз акча 130 миллион ашуун долларды түздү.

Ошондон эларалык валюта кору Кыргызстандын карыз акчаларынын кыйласын кечип, калганын кайтарып берүүнү кийинкиге жылдырып, аласанын жүгүн кыйла жеңилдетүүнү сунуштоодо. Азырынча кыргыз өкмөтү ЭВК жактырган ХИПК программасына кирүү-кирбөө тууралуу так чечимге келе элек. Анын үстүнө быйыл өкмөт 5% экономикалык өсүштү көздөсө, президент аны 8% көтөрүп, бирок да жарым жылдыктын чеке жылытпаган көрсөткүчү жаңы бийликти ойлонтуп турган кези.

Пауло Нойхаус жетектеген эларалык валюта корунун миссиясы бүгүн өкмөт башчынын биринчи орунбасары Д.Үсөнов, экономика жана каржы министри А.Жапаров менен кезигип, экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү менен таанышууну баштады. Маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн катышуусуз өтүп аткан жыйындарда негизинен жарым жылдыктын экономикалык көрсөткүчтөрү, тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүнүн амал-аргасын издөө жайында кеп болушу, ага ылайык тараптар позициясын такташы ыктымал.

Өкмөт башчы Феликс Куловдун айтуусунда, экономикада кескин секирик жок жерден чыга калбайт. Быйылкы жылдын биринчи кварталындагы экономикалык өсүш болжолдонгон чекке четпей, 2,4% гана түздү. Муну премьер-министр объективдүү экономикалык шарт-жагдайлар менен түшүндүрөт.

- Албетте, муну жыл аягына чейинки ИДПны 8% жеткиребиз деген сөздүн өтөлүнө чыгыш үчүн 4% өсүш деп айтып коюш туура болбойт. Бул арифметика эмес, муну экономика дейт. Анын өзүнүн аркыл татаалдыктары, анын ичинде саясий да кыйынчылыктары бар.

Жарым жылдык экономикалык өсүш ырааты 3,1% араң чыкты. Белгиленген 8% өсүшкө жетиш кыйын экенин биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарган жыйында эле экономика жана каржы министри А.Жапаровдун жарыя кылган жайы бар.

- Өкмөттүн алдына 8% чейинки өсүш деген. Эгерде ошол 8% өсүштү так сактап карай турган болсок, анда 1-кварталда 5% тегерегинде өсүшүбүз керек эле. Биз 2,4% гана өсө алдык. Ошондуктан калган үч кварталдын ичинде ушунун баарын ордуна келтиришибиз керек. Бирок ушул темп, өсүштүн темпи, көп жакшы болгон жок.

Революциячыл өлкөдө өткөн жылы экономикалык өсүш болбой, ички дүң продукттун деңгээли бираз төмөн түшүп, бирок да кургуйга кулап кетпей, аман калган.

Быйылкы жарым жылдыктын чеке жылытпаган көрсөткүчү «Кумтөр» алтын кениндеги тоо катмардын кулап түшүшүнөн улам чыгууда. Ордунан жылып кеткен катмарды казып алып кыйла басаңдай түшкөн өндүрүштү баштагы калыбына келтиргенден кийин деле белгиленген чекти камсыз кылыш кыйын.

Өкмөттүн стратегиялык өнүгүү программасында тоокен өндүрүшү, энергетикалык тармак өнөр жайды алдыга сүрөп, экономикалык өнүгүүгө чоң өбөлгө түзөрү белгиленген. Бирок да экономикалык стратегияны эки-үч тармакка байлап коюунун натуралыгын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеп кеткен Крис Лавлейс да белгилеген.

- Менин өкмөткө бере турган суроом бар. Эки-үч тармакка жалпы экономикалык өсүштү үйүп коюунун кандай негизи бар? Аларга өзгөчө көңүл буруунун себеби эмнеде?

Коомчулук арасында чоң талаш-тартышты жараткан тышкы карыздарды жоюу, Париж клубуна мүчө өлкөлөрдүн ХИПК программасына кириш-кирбеш маселеси да быйыл күз ичи ачыкка чыгат. Өкмөт оголе кылдат мамиле жасалчу олуттуу маселени коомчулуктун талкуусуна салып, ушу тапта аны кантип чечишти билбей турат. Тышкы карыз маселеси экономикалык проблемадан алдакачан чыгып, саясий өң-түс алып кеткен.

XS
SM
MD
LG