Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

ЛИВАН СОГУШТАН МИЛЛИАРДДАГАН ДОЛЛАР ЗЫЯН ТАРТТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ливанда 34 күнгө уланган согуш өлкө чарбасына миллиарддаган доллар зыян тийгизди. Израилдин аскерий чыгашалары дагы милларддап саналат.

Ливандын Өнүгүү боюнча кеңешинин төрагасы Фадл Шалак 16-августта билдиргенге караганда, согуштун айынан Ливан үч жарым миллиард доллар зыян тартты. Анын эки миллиарды - имараттардын кыйраганы менен байланыштуу, ал эми инфраструктуранын бузулушу бир жарым миллард доллар деп эсептелүүдө. Бирок андан тышкары кыйыр чыгашалар да ошондой эле көлөмгө жетиши мүмкүн - жүздөгөн ишканалар жана туристтик фирмалар иштебей калгандыктан өз кирешесинен айрылды.

Ливан өкмөтү алдын ала жарыялаган маалыматтарга караганда, жүзгө жакын жол жана 70 көпүрө бузулду, ал эми кыйраган имараттардын саны 10 миңге жакын деп айтылуудда. "Хезболла" уюму жарыялаган маалыматтарга караганда болсо, 15 миң имарат бузулду.

Израилдин аскерий чыгашасы эки миллиард доллардын тегерегинде деп айтылууда. Өлкөнүн "Глобз" гезити жарыялаган маалыматтарга караганда, дагы 700 миллион долларга жакын зыян экономикага тийди. Согуштан кийин экономикалык аракеттер көпкө чейин калыбына келбей төмөн боло тургандыктан, андан тийген зыян дагы ошончо миллион долларга жетиши мүмкүн.

Жапа чеккендерге жардам көрсөтүү иштери менен байланыштуу "Хезболла" уюму кеңири аракеттерди көрүп жатат. Өкмөт чара көрө электе "Хезболланын" жигиттери жапа чеккен адамдарга келип, алардын жоготууларын тизмеге алып, уюмдун атынан аларга канча жардам берилээри тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул жагынан алганда, айрым эксперттердин пикиринде, согуштан эң көп пайда тапкан "Хезболла" уюму болгон сыяктуу, анткени анын эл арасындагы кадыр-баркы эбегейсиз өстү.

Бейрут шаарындагы "Дал ал-хаят" гезитинин редактору Зухейр Ксейбати билдиргенге караганда, элге жардам көрсөтүү ишинде "Хезболла" өкмөттөн ылдам аракеттенүүдө: "Азырынча так белгисиз, бирок 'Хезболланын' жетекчиси шейх Хасан Насралланын айтканына караганда, кыйраган үйлөрдү өкмөт кайра кура баштаганына чейин 'Хезболла' күтүп отурбайт. Оңдоо иштерин алар өздөрү баштай турганы азыр анык", - дейт журналист.

"Нью-Йорк таймс" гезити 16-августта жазып чыкканга караганда, "Хизбаллага" такай каржылык жардам көрсөтүп келген Иран - кыйраган чарбаны калыбына келтирүү иштеринде канча жардам керек болсо, Тегеран "Хизбаллага" ошончо каражат берүүгө даяр деп билдирди.

Ошол эле "Нью-Йорк таймстын" билдиргенине караганда, карапайым калк "Хезболланы" - элдин мүдөөсүн жакшы билген уюм деп эсептейт жана аны - коррупцияга малынган Ливан өкмөтүнө караганда алда канча жогору барктайт. Бейрут шаарындагы Ливан-америкалык университеттин профессору Амаль Саад-Гораибдин айтымында, "Хезболла" - "мамлекеттин ичиндеги мамлекет" эмес эле, "мамлекет эместин ичиндеги мамлекет".

XS
SM
MD
LG