Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

МЫНДАН КИЙИН «ҮРКҮН» ДЕГЕН СӨЗДҮ УНУТКУЛА!


1916-жылдагы кыргыздардын Орусия империясына каршы көтөрүлүшү аеосуз кырып-жоюу менен басылган. Ач бел куу жондо кыргын тапкан кыргыздардын сөөгү 90 жылдан кийин жерге берилди. Бейшембидеги кыргыз басылмаларында мына ушул темага көбүрөөк орун берилди.

Буга чейинки кыргыз бийлиги, Кыргызстанды 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиев аксакал «нечен жолу ошол Бедел ашуусуна баргам деп өзү жазып жүрөт. Кытайлар менен жер маселесин чечүү учурунда деле сөзсүз көптөгөн бийликтегилер барышкан. Анан ошончо шагыраган сөөктү буту менен басып жүрүп көмбөй жүргөндөрүнө мен аябай таң калам», дейт президенттик администрациянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Чолпонбек Абыкеев 17-августтагы «Мезгил» гезитинде жарыяланган маегинде. Автордун болжолунда «А.Акаев Үзөңгүкуушту бергенде өзү баш болуп Бедел ашуусуна барган деп айтылып жүрөт».

Жазуучу Бексултан Жакиевдин пикири боюнча, 16-жылдагы кыргын үчүн Орусия мамлекети көп элдерден кечирим сурашы керек. «Орус мамлекети кыргыз элинен, казак элинен, түркмөн элинен жана башка 16-жылкы алааматка туш болгон элдерден кечирим сурап койсо, орус элинин баркы көтөрүлүп жанагы тетири сүйлөгөндөрдүн оозу жап болор эле. Немис элинин 90 пайызынан ашыгы Гитлерди колдогон, бирок 2-дүйнөлүк согуштан кийин Германия жеңилген. Алардын кийинки бийлиги бүт дүйнө жүзүнөн кечирим сурады. Ошону менен немис элинин баркын көтөрдү, кадырын көтөрдү», дейт Бексултан Жакиев.

«Мындан кийин «үркүн» деген сөздү унуткула. Ал Орусия империясы кезинде, совет доору кезинде башка элдерге кыргыздар үркүп качып кеткен деген бир формулировка керек болгон», дейт Топчубек Тургуналиев. Анын сөзү гезиттин жаңы санында жарыяланган.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгышына Орусия империясы өзү кызыкдар болчу. Колониялык аймактарды кеңейтүү, жергиликтүү элди жок кылып, келгиндерге жер алып берүү максатында жаңы кыргынга шылтоо табылышы керек болгон, деп белгилейт «Общественный рейтинг» гезитинде Имарали Кушматов. Автордун ырасташынча, 1916-жылдагы кызыл кыргындан 250 миң ашуун адам ажал тапкан.

1916-жылдагы кандуу кыргын тууралуу 1916-жылдын 3-сентябрында Ташкендеги Сот палатасында Г.Бройдонун берген көрсөтмөлөрү «Адабий Алатоо» гезитинде басылган. «Бир гана нерсе калып жатат,- дейт Г.Бройдо,- көтөрүлүш бүтүндөй администрациянын, анын ичинде жогорку администрация да бар (Ташкен жана Жетисуу), кыргыз калкын кырууга жана өкмөттүн колонизатордук иштерин андан ары улантуу үчүн жерлерди тазалоого багытталган провокациялык иштеринин натыйжасы болду».

Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин апыл-тапыл конституциялык реформа өткөрүүнү каалагандар башкаруунун парламенттик ыкмасын жактыргандар, деп жазат ушул эле гезитте укукчу адис М.Укушов «Кандай мамлекет курабыз: эмнеден баштоо керек?» деген макаласында.

Биз кандай коомду курушубуз керек, суроосуна жооп издеген эл бүгүнкү башаламандыкты так чагылдырмасы катары чыккан Конституциянын үч вариантын алды. Бийликке кызыккан аймактык топтор менен капчыгы калыңдардын кызыкчылыгына садагага чабылчу Башмыйзамда коомдун келечек жолу так аныкталышы керек эле. Бирок антип ой калчаганга азыркы чилистендердин буямасы келбей, баары ашыгып жатышат, деп белгилейт макала автору. Бир адамдын бийлигинен демократиялык башкарууга өтүш үчүн Испанияда алгач конституциялык концепция элдик референдумга коюлуп, арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин гана башкаруунун жаңы формасын тандап алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн, деп маалымдайт М.Укушов.

Сентябрдын он төртүнө чейин Бишкектен Москвага каттачу поюздардын саны дагы бирге көбөйөрүн «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити маалымдады. Басылманын кабарлашынча, жайкысын темир жол жүргүнчүлөрүнүн көбөйүп кетишинен, алыска каттаган поюздарга билет сатып алуунун кыйынчылыгынан улам жаңы каттам ачылды.

«Общественный рейтинг» гезити Кыргызстандын азыркы экономикалык абалы тууралуу «Жакшы нерсенин аз-аздан болгону жакшы» деген Б.Марипов менен Ж.Байгуттиевдин макаласын жарыялады. Канатын кенен жая элек өнөр жай ишканаларынан опол тоодой ийгиликти талап кылуу өктөмдүгү дагыле кала элек. Ансыз деле 8% өсүштү камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Экономика алдыга озорунда талаш жок, бирок да саясатта ошондой олуттуу алдыга жылыш болор бекен, деп суроо коет макала авторлору.

Басылманын ырасташынча, Орусия Кыргызстанды HIPC программасына кирбөөгө чакырууда. АКШнын Борбор Азиядагы таасиринен чочулаган Москва аталган программа Кыргызстанды эларалык каржы уюмдарына көз каранды кылып коерун айтып чочутууда. Бирок да программага кирбей коюуга макул болчу Кыргызстанга Орусия эч кандай жардам көрсөтө албайт, деп белгилейт «Общественный рейтинг» гезити.
XS
SM
MD
LG