БИШКЕК. Мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына арналган майрамдык салтанат Борбордук Алатоо аянтында 31-августта саат ондо башталат. Президент менен шаар башчысынын куттуктоосунан кийин 400 спортчу улуттук байрактарды көтөрүшүп аянттан чубашат. Ошондой эле улуттук маданий борборлордун өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер, студенттер, мектеп окуучулары, эмгек жамааттары параддан өтүшөт. Андан соң концерттик программалар тартууланып, Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта жарманке уюштурулат. Кечкисин Алатоо аянтында эстрада чеберлери өнөрлөрүн тартуулап, фейерверк, салюттар атылат.
Аманбек Жапаров
Аманбек Жапаров