Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ТАЛАС : КӨЧӨДӨ МАЙ САТУУЧУЛАР НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Таласта көчөлөрдө автоунааларга күйүүчү май саткандар облустук акимчиликтин алдына пикетке чыгышты.

Таласта өрт коопсуздугу жана башка эрежелерди сактабай, көчөлөрдө күйүүчү май саткандардын саны күндөн күнгө өсүп келет. Бүгүнкү учурда Талас шаарында эле кыркка жакын жогоруда аталгандагыдай аймак бар. Казакстандан Таласка күйүүчү май ташып келип саткан отузга жакын жергиликтүү тургундар облустук акимчиликке бажыкана өткөрбөй кысымга алып, саттырбай жатат деген доомат менен кайрылышты:

- Атым Адигинеева Бактыгүл. Өткөндө бир тонна картошкамды казып алып Жамбулга барып сатып кайра 300 литр солярка алып келатсам Кыргызстандын бажычылары кармап алып коюшту. Жогорку Кеңештен кагазыбыз бар 500 литрге чейин алып өтүүгө уруксат деген. Ал кагазды карап да коюшкан жок.

Арызданып келген инсандарды губернатордун биринчи орунбасары Байымбет Мураталиев кабыл алып, биз көчөлөрдө жапайы түрдө сатканга уруксат бере албайбыз деп төмөнкүчө айтты:

- Бардык эле дыйкандар Жамбулга барып күйүүчү май ташыбайт. Биз буларды түшүнүп атабыз. Биз айтып атабыз көчөдө сатканга уруксат бере албайбыз, мынча келгенден кийин цивилизованный методго өткүлө деп.

Облустук бажыкананын жетекчиси Улан Эшимов:

- Бул маселе боюнча 4-августта премьер министрдин аппаратында жыйын өткөн. Ошол жыйында токтом кабыл алынган. Талас облусу боюнча күйүүчү заттарга каршы биздин кылган иш боюнча отчет берилген, ошондо анча-мынча кемчиликтер айтылган. Ошол кемчиликтерди оңдоо боюнча иш-чараларды көрүп жатабыз.

Пикетке чыккандардын маселесин чеччүү максатында губернатордун орунбасары облустук укук коргоо, финансы полициясынын өкүлдөрүн чакырып, эгер талаачылык жумуштарга керектелсе, республикалык бажыканага кат жөнөтүп маселени чечкенге аракет кылалы деген чечимге келишти. Таласка ушул жылдын алты айдын ичинде жалпысынан 820 тонна жеңил күйүүчү май жана 576 тонна оор күйүүчү май бажыканадан өткөн.

XS
SM
MD
LG