Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВДУН «КУРМАНБЕК БААТЫР » ЧЫГАРМАСЫ ТОКТОГУЛ СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮЛДҮ


Жазуучу Абдыкерим Муратовдун кара сөз түрүндө жазылган “Курманбек баатыр” чыгармасы “Заман Кыргызстан” гезитинин жамааты тарабынан Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп жатат.

Алгач жазуучу Абдыкерим Муратовдун “Курманбек баатыр” китебинен кыскача үзүндү келтирели:

-Арслан бабанын токоюнан чыккан Курманбек жөн чыккан жок.Көкүрөктө дарты. Көздө кубаты, билекте күчү менен чыкты. Койчуман экөө Чарбак менен Кызылүңкүрдөн, анан өтүп Дашмандан жигиттерди курады.Элден ат жыйнады... Толуп турган, кең далылуу, бүркүт кабак жылдызы жайнаган алп жигитти көргөндө кыйналган кыпчагы менен кыргызы, баары, мундузу менен тейити, сарбагышы менен адигинеси, кушчусу менен саруусу. Нойгуту менентейити, абааты менен найманы кошула берди...

Абдыкерим Муратовдун 2004-жылы жарыкка чыккан “Курманбек баатыр” китеби айтылуу “Курманбек” дастанынын кара сөздөгү жаңы үлгүсү. Автор чыгарманы тек гана кара сөзгө айлантып койбостон, “Курманбек” дастанынын жаңы варианттарына таянуу менен айрым окуяларга өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты:

-“Курманбектин” бир канча вариантта элдик нускалары бар эмеспи. Мен ошол дастандардын баары менен таанышып чыгып, элдик дастанды өзөк кылы, өзүнчө бир жаңы вариантын жазып чыктым деп ойлойм. Буга жаңы сюжеттик окуяларды, жаңы каармандарды, окуялар өткөн жерлерге айрым бир тактоолорду киргиздим. Элдик чыгармалар фольклордук негизде жаралса, менин чыгармам реалисттик формада жаралды. Башкача айтканда, мында каармандардын ой жүгүртүүлөрү, психологиялык жагдайлар, диалогдор, монологдор киргизилди.

Абдыкерим Муратовдун “Курманбек баатыр” чыгармасына карата айткан пикиринде белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбеков автордун чыгарманын калыбын сактоо менен бүгүнкү окурмандын кабыл алуусуна ылайык өздөштүрүлгөнүн белгиледи:

-Абдыкерим бул дастанды кара сөзгө айландырууда негизги өзөктүү окуяларды сактап, жаңы мазмуундук изденүүлөрдү киргизген. Ошондой эле азыркы мезгилдеги көркөм чыгармага мүнөздүү болгон ыргактарды абдан жакшы пайдалануу менен кошумча киргизген. Мына ушуну автордун ийгилиги катары кароого болот.

Абдыкерим Муратовдун “Курманбек баатыр” чыгармасы абалтан эл оозунда, эл көкүрөгүндө сакталып келаткан улуу чыгармалардын куймасына барып кошулат деген ойдо Молдо Нияз атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Рахим Каримов:

-Кыргыз эли абалтан баатырларга бай калк. Абдыкерим Муратовдун “Курманбек” баатыр чыгармасын да ошондой баатырлар эпопеясынын уландысы деп атасак жаңылышпайбыз.

“Курманбек баатыр” китебинин өзөгүндө түрк элдерин биримдикке чакыруу идеясы, ат менен адамдын мамилесинин ички тереңдиктери жана тил маселеси көтөрүлгөнүн белгилеп айтты чыгарманын автору Абдыкерим Муратов:

-Өзчөчө мында түрк элдерин бириктирүү идеясы, ат менен адамдын мамилесинин философиялык жагы тереңдетилди. Курманбек кыпчактан чыккан баатыр болгондуктан, кыпчак диалектисин колдонууга аракет кылдым.

Фатима Абдалова, Бишкек
XS
SM
MD
LG