АКШда федералдык сот Улуттук коопсуздук агенттигине телефондорду тыңшоого тыюу салган чечим чыгарды. Америкалык бийликтин тыңшоо боюнча программасы Конституцияга каршы, аны бекитүү менен президент Жорж Буш кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп жарыя кылды сот. АКШ бийлиги террордук аракеттерге бөгөт коюу деген негиздеме менен миллиондогон америкалыктардын телефондорун тыңшап келген.
Чолпон Орозобекова, Прага
Чолпон Орозобекова, Прага