Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

СУРНАЙЧЫ, ЧООРЧУ, КОМУЗЧУ МУРАТААЛЫ


Залкар шайыр Муратаалы Күрөңкөй уулу үч-төрт атасынан бери комузчулукту, кыл кыякчылыкты, чоорчулукту, сурнайчылыкты, кернейчиликти кесип кылган музыкалуу үй-бүлөдө туулган. Ошондуктан ал элдик байыркы күүлөрдүн жандуу энциклопедиясы Муратаалы «Өзүмдү сыйлаганды сыйлап жүрдүм. Манаптар башка ээ кылбай күлдү. Ошондо да Мукеңде жазык барбы эки жүз элүү жыл болгон күүлөрдү жыйнап жүрдүм» - деп абалкы чоордун, сурнайдын, кылкыяктын, комуздун күүлөрүнүн кооз үлгүлөрүн калк арасынан угуп, көкүрөгүнө түйүп, көзүнүн карегиндей сактап, муундан-муунга өткөрүп, өнүктүрүп келген.

Муратаалы боз улан кезинде аш, тойлордо, чоң салатанаттарда сурнайды созолонто тартып, угуучулардын алкоолоруна алынат. 1939-жылы Муратаалынын «Сурнай күү» аттуу күүсү Жунусаалы Куттубаевдин аткаруусунда желим табака (грампластинкага) жазылат.

Айтылуу шайырдын туубаса кайталангыс шыгы үйлөмөлүү аспап чоордо да көрүнгөн. Ал чоорду уккандар таң кала тамшана уккандай не бир мукамдуулукта созолонто тарткан. Автордун күүлөрүнүн көпчүлүгү жаратылыштын кол менен жасап койгондой кооздугуна, ак куулардын, улардын учушуна, койчулардын турмушуна арналган.


Муратаалы кыл кыяк, чоор, сурнай тартуу, комуз чертүү менен бирге казактын домбурасын да таңшыта черткен. Ал домбраны казак, кыргыз элдерине тең «Кожатайдын кара күүсү», «Жамбылдын кара күүсү» деген татаал кайрыктардагы күүлөрдү үйрөнөт.

Муратаалынын ар тараптуу чыгармачылыгындагы эң башкы орунду комузчулук ээлеген. Ал күүнүн башкы Камбаркандан баштап комуз музыкасындагы бардык жанрларды, түрлөрдү черткен. Алардын негизинде Муратаалы ондогон күүлөрдү да чыгарган.

Ал элдик, өзүнүн, замандаштарынын чыгармаларын аткарардын алдында «Ар бир күүнүн атын атап, тарыхын айтып чертсең угуучуга тай энчилеп бергендей болсун» деп айтып черте турган.

Тилекке каршы Муратаалынын өзүнүн аткаруусунда бир да комуз күүсү радионун тасмасына, желим табака (грампластинкага) жазылбай калган. Алп шайырдын күүлөрү бизге тек гана шакирттери Ы.Тумановдун, А.Эшмамбетовдун, Ш.Шеркуловдун аткаруусунда келип жетти.

Муратаалы филармонияда 1940-жылга чейин иштейт. Коомчулук 1945-жылы карыя шайырдын туулган күнүнүн 85 жылдык мааракесин белгилейт. Өкмөт айылына беш бөлмөлүү үй салып берет. Өлөр алдында улуу шайыр бала чакасын чакырып алып төмөнкүдөй керээзин айтыптыр. Сөз бабабыз Муратаалынын 77 жаштагы кичүү кызы Акылай эжеде:

- Атам катуу ооруп калды. Атамдын бир уулу, беш кызы бар эле. Баарыбызды чакырып алып: «Мен жашарымды жашадым. Колуман келишинче силерди багып чоңойттум. Менин силерден суранарым ынтымактуу, ырашкерлүү жашагыла, бири-бириңерди сыйлашкыла, жаман айтышпагыла деп 1949-жылдын 2-январында түнкү саат экиде көз жумду - дейт Акылай эже.

Ар тараптуу шыкка бай Муратаалы Күрөңкөй уулу о, дүйнөгө сапар алганына 57 жыл болсо да көөнөрбөс мурастары калк арасында жашоосун улантууда.

Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG