БИШКЕК. Сентябрь айынын башында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев иш-сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинен билдиришти. Маалыматтарга караганда,Курманбек Бакиев Түркиянын мамлекет башчысы Ахмет Недждет Сезер, премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушат. Тараптар Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий тармактардагы кызматташтыктарды жакшыртуу маселелерин талкуулашат.