БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия жер изилдөө институту ачылды. Анда негизинен климаттын өзгөрүлүшү, жер кыртышы, аймакта аба-сууну изилдөө, жер титирөөнүн алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Аталган институт алдыңкы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен жабдылып, кесипкөй 80 адис жумуш орду менен камсыз болду. Институт Германиянын Жерди изилдөө фондусунун көмөгү менен ачылды.