Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Иракта Саддам Хуссейндин үстүнөн экинчи сот иши башталды


Ирактын мурдагы диктаторуна күрддөргө каршы геноцид жана согуш кылмыштары боюнча айыптар коюлган. Соттун төрагасы Абдулла Али Хуссейн Амири айыптоолорду ачылыш жыйынында окуп берди:

Коргонуучу Саддам Хусейн. Тергөө кеңсеси сотко сизди геноцид, адамзатына каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары боюнча соттоону сурап кайрылган. Күнөөңүздү моюнга аласызбы жокпу?

Хуссейн сотту "оккупанттардын соту" деп мүнөздөп, жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG