Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ТОЙЛОР ТОЙГО УЛАНСЫН !


Ар кандай тилдеги,түрдүү салттагы дүйнө элдеринин үй-бүлөлүк майрамдарынын, каада-салт, үрп-адаттарынын тарыхтарына көз чаптырсак, баш кошкон күндү салтанаттуу белгилөө салтка айланганына күбө болобуз. Акыркы он беш жылдын аралыгында кыргыз жаштарынын, ал турсун орто муундагы үй-бүлөөлөрдүн арасында үйлөнгөн күндү ата-энелеринин, бала-бакыраларынын катышуусунда белгилөө салты да канат жая баштады. Бул тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов белгилүү жаш манасчы Рысбай Исаковду кепке тарткан.

-Рысбай мырза манас, санжыра айтуу менен бирге дүйнө элдеринин тарыхтарына, каада-салттарына, үрп-адаттарына да кызыгып жүрөсүң. Кыргыздарда баш кошкон күндү ар жыл сайын белгилешпесе да күмүш, алтын тойлорду башка элдердей эле белгилөө салтка айланганын жакшы билесиң. Бирок, дүйнө элдеринде аталган эки тойдон башка да ондон ашык нике тойлору бар экен. Соңку жылдарда жаңы кыргыздардын арасында нике тойлору да белгилене баштады. Билсең ошолордун аттарын атап, маани маңыздарынан угармандарга кеп салып берсең/

- Жакшы болот. Айтса билгендеримден кеп салып берейин. Заман өзгөрөт экен. Заман менен бирге адам да өзгөрөт экен. Каада-салт, үрп-адаттар өзгөрөт экен. Азыркы күндө нике тойлору да башка элдердин тойлору менен жуурулушуп кетти.

Жашыл той- баш кошкон күндү жашыл арчадай көктөгөн жаштыктын, махабаттын майрамы катары белгилешет.

Чыт той- баш кошкон күндүн бир жылдыгына карата белгиленет. Эки жаш күнүмдүк жашоо тиричиликке аралашып, бири-бирине түшүнүшүп калган күн катары белгиленет. Бул күнү эки жашка ата-энелери, курбу-курдаштары чыттан тигилген буюмдардан белек-бечкек беришет.

Жыгач той- бул эки жаштын үйлөнгөндөн кийин беш жыл толгондо белгиленет экен. Жыгач тойдун мааниси үй-бүлө жыгачтай бекем боло баштады дегенди түшүндүрөт. Эки жарга жыгачтан жасалган буюмдар белекке берилет.

Цинк той- бул эки жардын баш кошконуна 6-6,5 жыл болгондо белгиленет. Себеби эки жаш бири-бирине жылтылдап кооз көрүнүп, жашоонун эртеси да сүйкүмдүү болот да, идиш-аяктардан болсо цинктелген идиштерди белекке беришет экен.

Калай (жез) той- бул нике кыйгандан кийин белгиленет. Жубайлар жез тыйындардан белек тартуулашат. Бири-бири менен алмашат экен. Андан аркы бактылуу турмушу үчүн бири-бирине жакшылыктарды каалашат.

-Рысбай мырза сөзүң оозуңда. Айткандарың 10, 15, 20, 25, 30, 35 жылдардагы куракта нике тойлору да белгиленет бекен? Алар кандай салтанатта өтөт?

-Роза тою - муну эки жубай үйлөнүшкөнүнө он жыл толгондо бала-бакыралуу болуп, гүлдөп турганда белгиленет экен. Роза гүлдөрүн белекке беришет.

Айнек той- бул 15-жылда белгиленет. Бул болсо эрди катындын акылы, сүйүүсү айнектей тунук болсун дешип, айнектен жасалган кооз идиштерди белекке беришип, ак дасторкон жайышат.

Фарфор той-бул 2-жыл бирге жашаганда белгиленет. Бул башка тойлордон айырмаланып меймандарга тамак-аш жалаң гана фарфордон жасалган идиш аяктарга куюлуп берилет. Ошондой эле эски идиш аяктар эскирип кеткендиктен жаңы идиштер менен алмаштырылат.

Күмүш той- бул 25-жылда белгиленчү той. Христиандар чиркөөдө баштарына салынган мирт (субтропиктерде, тропиктерде) өскөн дайыма жашыл болуп турган өсүмдүктөн жасалган таажысын нака күмүш таажыга алмаштырат. Үйлөнүшкөндөгү бири-бирине салышкан алтын шакектин жанына күмүш шакек салынат.

Бермет той- эки жардын баш кошушканына 30-жыл толгону белгиленет. Күйөөсү зайыбына берметтен шуру тагат.

Мата тою- бул 35-жылда белгиленет. Белекке берекенин жана бейпилдиктин куту болгон ак дасторконду тартуулайт.

Аллюминий той- биринчи нике тоюна отуз жети жарым жыл болгондо белгиленет экен. Ал эми үйлөнгөн күнгө 40-жыл болгондо Рубин той делет. Бул тойдо бири-бирине сүйүүнүн жана жалындын куту болгондуктан, рубин таштан жасаган шакек салынышат. Ал эми эки жубайдын үйлөнүшкөнүнө 50-жыл толгондо алтын той делет. Алгачкы жолу үйлөнүшкөндөгү шакектери эскирип, жешилет. Мына ошол жарым кылымдык тойдо эки жубай бири-бирине алтындан шакек салышат.

Темир той болсо 65-жыл бирге жашаганда жубайлардын никесин эч ким, эч нерсе буза албайт деп белгилешет.
XS
SM
MD
LG