Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

ЫСЫРАП ПАЙДАЛАНУУ СУУ ТАРТЫШТЫГЫН КУРЧУТУУДА


Суунун тартыштыгы жана семиздик. Азаттыктын илимий жаңылыктарында бүгүн мына ушул эки көйгөй тууралуу сөз болот.

Үстүбүздөгү апта эл аралык суу аптасы, жана Стокгольмдо эксперттер дүйнөдөгү эң бир тартыш жаратылыш байлыктарынын бири болгон сууга байланышкан көйгөйлөрдү талкуулап жатышат. Дүйнөлүк жапайы жаратылыш коруна ылайык, дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү сууну ысырап пайдаланып, башкаларга жаман үлгү болуп жатышат. Алар эскирген суу түтүктөрүн алмаштырбайт жана айыл-чарбасында сууну көп талап кылуучу методдорду колдонушат.

Бүгүн Түндүк Америка менен Жапония сууну эң көп колдонгон өлкөлөр болуп саналат. Алар киши башына күн сайын 350 литр сарпташат. Буга салыштырмалуу Европада ар бир кишиге 200 литрден туура келет. Ал эми Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдө ар киши күнүгө 10, ашып кетсе, 20 гана литр суу пайдаланат.

2070-жылга карата Европада Испания, Италия, Белгия, Болгария менен Түркия жана Түштүк Орусияда суунун тартыштыгы чоң көйгөйгө айланышы болжолдонууда. Жердин абасы ысып, жаан аз жааганы бир тең, жер алдындагы суулардын химикаттар жана кен казуудан калган таштандылар менен булганышы суунун тартыштыгын ого бетер күчөттүүдө.

+++

Америкалыктар ашыкча салмактан запкы тартаары көпчүлүккө жакшы маалым. Бирок Минесота университетинин профессору Бэрри Попкиндин айтымында, азиялыктар да тез семирип баратышыптыр. Бул тууралуу ушул айдын башында Австралияда өткөн илимий жыйында сөз болду.

Бүгүн дүйнөдө ачарчылыкта жашагандарга караганда, ашыкча салмак күткөндөрдүн саны көп. Попкиндин болжолунда, Жер шарында семиз кишилердин саны 1 миллиарддан ашат, буга салыштырмалуу ачкалыкта күн өткөргөндөр 800 миллиондун тегерегинде.

Чындыгында адам бардар турмуштан гана семиз болбойт. Тескерисинче, өнүккөн өлкөлөрдө колунда барлар тамакты мүйөздөп, тандап ишет, спорт менен машыгып, ден-соолугун жакшы карашат, ушундан улам болсо керек, колунда бар америкалыктардын, жана ошондой эле билимдүү адамдардын арыкчырай келишээрин байкоого болот. Айтор, бүгүн семиздиктен жапа тарткандардын арасында жакырлар да аз эмес. Мурда семиздер көбүнчө шаарларда жашаса, бүгүн айылдыктардын да салмагы өсүп барат.

Семиздиктин көбөйүшүнүн негизги себептери жөнөкөй. Азыр адамдар мурдагы муундагыларга караганда көп тамак жешет, аз кыймылдашат, телевизорду көп тиктешет, аз жөө басып, машинада көп жүрөт.

Британиялык "Медицина журналынын" ушул жумадагы санында айтылгандай, бүгүнкү семиздердин ар бир бешинчиси Кытайда жашайт экен. Бул өлкөдө семиздердин саны акыркы 10 жылда эки эсеге өскөн. Айрыкча жаш балдардын арасында семиздик күч алган.

Орусияда да мектеп жашындагы балдардын арасында ашыкча салмактагылар көбөйүп баратыптыр. Маскөөдөгү Азыктуулук институту муну мектептерде эскирген, начар тамак-аштын сатылышы менен түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG