Бүгүн Евробиримдикке кирген мамлекеттердин элчилери Брюсселде чогулуп, Ливанга жөнөтүлчү бейпилдик күчтөрдүн курамына аскер кошуу маселесин талкуулашат. Азырынча Италия Ливанга 3 миң аскер жөнөткөнгө даяр, башка мамлекеттер азырынча так жооп айтыша элек. Жума күнү болсо Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулуп, Ливанга жардам берүүнү талкуулашат. Жыйынга БУУнун башкы катчысы Коффи Аннан да катышаары күтүлүүдө.