БИШКЕК. Башкы прокурор Камабралы Конгантиев кадр саясатын өзүм билемдикке салып, прокуратуранын айрым кызматкерлерин кызматтан мыйзамсыз бошотуп, алардын кызмат ордун каалагандай алмаштырып укугун тебелөөдө, деп билдиришти прокуратуранын мурдагы төрт кызматкери бүгүн маалымат жыйынында. Алар башкы прокурордон мурдагы кызматтарында калтырууну талап кылышууда. Эгерде талаптары аткарылбаса Конгантиевди кызматтан четтетүү талабы менен өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке кайрыла тургандыктарын билдиришти.