БИШКЕК. Бүгүн БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлчүлүгү билдирүү таратты. Анда качкын макамын алууга сунуш кылынган Кыргызстанда баш паанек кылып турушкан өзбекстандык беш жарандын белгисиз жок болуп кеткенине тынсыздангандыгы айтылат. БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Кыргызстандагы өкүлү Виталий Масловскийдин айтымында, 10-июлда качкын макамын алууга кайрылган бир адам,16-августан 24-августка чейин дагы төрт адам Ош шаарынан дайынсыз жок болушкан. Алардын экөөсүн белгисиз адамдар автоунаага салып жатканын көрүшкөн күбөлөр бар. -Бул тууралуу укук коргоо органдарына, миграция кызматына арыз менен кайрылганбыз, бирок азырынча тиешелүү жооп ала элекбиз,- дейт Масловский.