Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

08:00 Бишкекте тергөө изоляторунда отурган эки атуул ачкачылык жарыялайт


БИШКЕК. Баш калаадагы №1 тергөө изоляторунда отурган Рахматулла Туранов жана Рустам Валиахметов 18-сентябрдан тарта ачкачылык жарыялашаары тууралуу расмий билдирүү таратышты. Үч жылдан бери отурган бул эки атуул Кыргызстан элине, укук коргоо уюмдарына жолдогон кайрылуусунда сот аларды өлүм жазасына мыйзамсыз кескендиги, алардын үстүнөн козголгон кылмыш иштери жалган дооматтардын негизинде ачылгандыгы тууралуу айтылган. Рахматулла Туранов жана Рустам Валиахметов аларга козголгон кылмыш иштер боюнча жаңыдан ачылган жайгдайларга байланыштуу тажрыйбалуу юристтерден, коомчулуктун өкүлдөрүнөн куралган көз карандысыз комиссия түзүп, сот ишин кайрадан акыйкат кароону өтүнүшүүдө.

XS
SM
MD
LG