БУУнун башкы катчысы Коффи Аннан бүгүн Брюсселде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жыйынына катышат. Анда Тышкы иштер министрлер чогулуп, Ливанга киргизиле турган бейпилдик күчтөрдүн курамына аскер кошууну талкуулашат. Франция Ливанга 2 миң аскер жөнөтөөрүн президенти Жак Ширак билдирди. Ливанга БУУнун мандаты менен киргизиле турган 15 миң аскерге Италия кол башчылык кылаары күтүлүүдө.