БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки күндүк иш сапарында Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев, тышкы иштер министри Владимир Норов менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы достук, соода-экономикалык кызматташтык жана президент Курманбек Бакиевдин расмий иш сапарында каралуучу маселелерди талкуулады. Анда аймактын коопсуздугун камсыз кылуу, эл аралык тероррчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү, маңзаттарын ташууга бөгөт койуу, чек ара маселелери каралды.