Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:48

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ КИРИП КЕЛДИ. ДАЯРДЫК КАНДАЙ?


Жаңы окуу жылынын жакындап келе жатканы окуучу балдары бар ата-энелер үчүн мектепке даярдык көрүү түйшүгү башталды. Ушул тапта базарларда балдарына мектепке кийүүчү кийим-кечеден тартып, китеп-дептер сыяктуу окуу куралдарына чейинки бүт керектүү буюмдарын сатып берип жүрүшкөн ата-энелерди жолуктурууга болот. Кийим-кечелер жана окуу куралдары ар бир базарда сапатынын жогорулугуна, даярдалган аймагына жараша ар кандай баада.

Балдарына арзаныраак баада сапаттуу тигилген кийим-кечелерди алып берүүнү каалаган ата-энелер көбүнчө Бишкектеги “Дордой” базарына барышат. Ошондой эле баалары арзан базарлардын катарына Карасуудагы ири базар кирет.

Ал эми окуу куралдары Бишкектеги “Ош” базарында арзан сатылаары айтылып келет. Учурда Ош базарында кыздардын мектепке кийүүчү ак көйнөгү 100 сомдон 130 сомго чейин, эркек балдардын ак көйнөктөрү 80 сомдон жогору турат. Ал эми бут кийимдер 250 сомдон өйдө. Окуу куралдарынан эң эле кымбаты—окуучулардын күндөлүгү. Сапаты мыкты, ичинде Кыргызстандын гимни, арифметикалык жадыбал, химиялык жана физикалык формулалар жазылган күндөлүктөр 50-60 сом турат. Ал эми окуучулардын 12 барактан турган дептерлеринин баасы 2 сом 50 тыйындан өйдө.

Мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү мектеп формасынын жок болуп жаткандыгы көпчүлүк ата-энелердин нааразылыгын туудурууда. Мындан тышкары мектептердеги окуу китептеринин тартыштыгы да балдардын жогорку деңгээлде билим алуусуна мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул көйгөй учурда борбор калаадан тартып, алыскы аймактарга чейин бардык жерде орун алууда. Жалалабат облусунда ата-энелер каражаттын жоктугунан күзүндө терилүүчү пахтанын баасына карыз алып, балдарын мектепке даярдашууда.

Жаңы окуу жылы жакындап калганы менен облуста мектепке барчу уул-кыздарына кийим-кечек жана окуу куралдарын сатып берген ата-энелер чанда жолугат.Мектеп босогосун жаңы аттаар наристелерин жетелеген адамдардын базарлардан базар кыдырып,арзаныраак жана балдарына жарашыктуу кийимдерди издеп жүргөндөрү бар.

Жалалабаттагы бир нече базарларды кыдырып чыккан Акылбек Ысманов быйыл биринчи класска барар кызынын көйнөк юбкасы менен бут кийимине жана папкесине 800 сом акча жумшаган.Анын пикири боюнча казыналык мекеме-уюмдарда иштегендер менен соода-сатык жүргүзгөн адамдар гана балдарына жаңы кийимдерди сатып бербесе,айыл-кыштактардагы көпчүлүк калк болочок пахтанын түшүмүнүн эсебинен карыз акча сурашууда.

-Бодо мал,кой-эчкилерин сатып,балдарына кийим алып берген адамдар да жок эмес, бирок элеттик элдин жонун акчанын жоктугу жукартууда,-
деп эсептейт Акылбек Ысманов


Ата-энелердин балдарын мектепке даярдоого анча ашыкпаганына караганда,орто жана жогорку класстардын окуучулары мурдакы кийимдери менен окууга барат шекилдүү. Китеп-дептер жана мектеп формасы менен билим берүү мекемелери камсыз кылса керек деп ойлоп,балдарына кийим-кечек сатып берелек ата-энелер да учурайт.

Сузак районундагы “Кызылтуу” айыл өкмөтүнүн бир топ жашоочуларын окуучуларды окуу куралдары жана кийим-кечек менен мамлекет камсыз кылат деген пикирде турганын байкадык.

Анткени менен айыл тургуну Акматбек Төлөшовдун ою боюнча бирдиктүү мектеп формасынын тагдыры чечилсе ата-энелер үчүн да жеңил болмок.

Жаңы окуу жылына даярдык көрүүдөгү ата-энелерди тынчсыздандырган дагы бир маселе—окуу китептери. Айрым мектептерде окуу китептеринин жетишсиздигинен ата-энелер балдарына базардан китеп сатып берүүгө аргасыз.

Китептин жетишсиздиги райондогу Талаабулак орто мектебинде да сезилүүдө.10-11 –класстардын окуучулары кыргыз тили жана адабияты,орус тили жана адабияты,англис тили боюнча китептердин аздыгынан ал китептерди быйыл да нөөмөттөшүп окуй турганы күтүлүүдө. Мектептин директору Шайыркан Сооронкулова азырынча окуу куралдары жана китеп жагынан райондон же облустан жардам көрсөтүлө электигин айтып берди.

Ушул жумага карата облустун мектептери китеп менен 82 пайыз камсыз болду деп маалымдады Жалалабат аймактык билим берүү жана жаштар саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Чырмаш Сапаров:

-Быйыл 83 наамдагы 244 миң китеп окуучуларга акысыз таркатылат. Башкармалыктын эсебине келген 60 миң китеп район-шаарлардагы мектептерге таркатылууда. Мектеп имараттарынын 90 пайыздан ашыгы оңдолуп-сырдалып бүттү,- дейт Чырмаш Сапаров.

Жогоруда айтылгандай азырынча Кыргызстанда жалпы бирдиктүү мектеп формасы жок. Айрым бир мектептер өз уставына ылайык, мектептин алкагында бирдей форма кийүүнү окуучуларынан талап кылып, окшош тигилген кийимдерди ата-энелерге жана балдарга сунуш кылып келишет.

Мектеп окуучуларына бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча билим берүү министрлиги октябрь айында боло турган мугалимдердин 2-курултайына мектеп формасынын бир топ түрлөрүн сунуш кылмакчы. Бул тууралуу аталган министрликтин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев маалымдады:

-Биздин министрлик ушул маселе боюнча чараларды көрүп, былтыртан бери бир нече түрдөгү мектеп формаларынын эскиздерин даярдадык. Бул формалар 1-класстан 4-класска чейин, 5-класстан 9-класска чейин жана 10-11-класстар үчүн атайын өзгөчөлөнүп даярдалмак. Биз ушул формалардын эскиздерин октябрь айында болуучу мугалимдердин 2-курултайында сунуш кылабыз. Анан кандай ой-пикирлер болот, аны карап көрөбүз. Анткени мектеп формасы эң биринчиден окуучулардын өздөрүнө жагыш керек. Мындан тышкары мектеп формасы коомдун учурдагы талабына ылайык болууга тийиш. Эгер мугалимдерге, ата-энелерге жакса, анан мектеп формасын тигүү боюнча жеңил өнөр жайчылардын арасында тендер өткөрөбүз. Жаңы окуу жылынын аягына чейин бардык мектеп окуучуларын камсыз кыла албасак да, жок дегенде он пайызын кийиндирүүгө аракеттенебиз.

-Марат мырза, жакшы максаттар бар экен. Бирок жаңы окуу жылы келип калбадыбы. Эртең 1-сентябрь күнү балдар мектепке кандай кийинип барышат?

-Биз ата-энелердин чөнтөгүнө карап, азырынча кандай кийим болсо да, ак көйнөк, кара шым же юбка кийсин деп гана айтып жатабыз. Мындан башка “момундай бир түстөгү же фасондогу кийим болсун” деген талап кое элекпиз. Айрым бир мектептер өз алкагында уставына жараша бирдиктүү форма талап кылып келишет. Алар ошол бирдиктүү форманын фасонун жана өңү-түсүн бирдей тигип, мектеп жетекчилери өздөрү даярдап, балдарга сунуш кылышат.

-Окуу китептеринин жетишсиздиги да кендирди кескен көйгөйгө айланды. Ушул маселе боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө?

-Биз жаңы окуу жылына карата ар кайсы предмет боюнча жүз он үч түрлүү 881 миң 500 китеп чыгардык. Азыр облустарга өзүбүз жеткирип берип жатабыз. Мурда облустук билим берүү бөлүмдөрү жана мугалимдер өздөрү алып кетишчү. Быйылкы жылы атайын китеп үчүн 92 млн сом каралган. Ошонун ичинен 50 млн сомдук китеп чыгарылып, мектептерге жеткирилди.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG